Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

  2024-жылдын  18-декабрындагы №3

 

«Шаардык мэриянын 06.12.2024-жылдагы «Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун, калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык “Кз” коэффициентин бекитүү тууралуу» №01-21/3861 кайрылуу каты жөнүндө»

 

Шаардык мэриянын 06.12.2024-жылдагы «Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун, калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык “Кз” коэффициентин бекитүү тууралуу» №01-21/3861 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын кезексиз 4- cессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.      Шаардык мэриянын 06.12.2024-жылдагы «Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун, калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык “Кз” коэффициентин бекитүү тууралуу» №01-21/3861 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин билдирүүсү эске алынсын.

2.      Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398-беренесинин 3,4-пунктуна жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Таш-Көмүр шаарынын жана Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин мүлк салыгынын зоналдык «Кз» коэффициенти 2025-жыл үчүн 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.

3.      Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун пайдалангандыгы үчүн мүлк салыгынын коэффициенти 2025-жыл үчүн 1.0 өлчөмүндө бекитилсин.

4.      Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

5.      Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Ч.Урматаалиев) жүктөлсүн.

 

 

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кенешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев