Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 22-сентябры ПЖ № 270
Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 291, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 351 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Элдик бийликтин негиздерин бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук аң-сезимди өнүктүрүү, региондук көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарында кезектеги IV Элдик Курултайды (мындан ары – Элдик Курултай) өткөрүү 2025-жылдын 25-декабрына дайындалсын.
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 291 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү 1-тиркемеге ылайык;
2) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы 3-тиркемеге ылайык.
3. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби Улуттук Кеңеш тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген жобонун негизинде аныкталат.
4. Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети:
1) “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык делегаттарды шайлоону координациялоо боюнча тиешелүү ишти жүргүзсүн;
2) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жободон келип чыгуучу чечимдерди кабыл алсын, ошондой эле Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл болгон чараларды көрсүн;
3) өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттерди белгиленген тартипте тартсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.