БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/1
«Сугат суу арыктарын ѳткѳрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана ѳнүктүрүү жѳнүндѳ” №207 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү ѳнѳр жайы министрлигинин 2025-жылдын 4-февралындагы №04-13/29 сандуу буйругуна ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн кайрылуусу менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Барпы айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган ички чарбалык канал арыктарын Сузак райондук суу чарба башкармалыгы балансына ѳткѳрүүгѳ макулдук берилсин.
2.Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн токтом, буйруктардын талаптарына ылайык, Сузак райондук суу чарба башкармалыгына ѳткѳрүп берүү боюнча иш кагаздарын даярдап ѳткѳрүп берүү жагын Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы И. Маматсабировго милдеттендирилсин.
3.Токтомду кѳзѳмѳлдѳѳнү мыйзамдуулук этика, укук маселелер жана мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы А. Апсаламовго жүктѳлсүн.
Төрага | У.А. Абдыкулов |