Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
2018-жылдын 3-декабры № 29/10-3-18
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн отургузуу үчүн ижарага муниципалдык жер участканы берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу " токтомдун, 2018-жылдын 30-ноябрь айындагы Ровное айылынын тургундарынын жыйынынын , 28 –ноябрь айындагы Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын чечимдеринин жана Аксакалов Майрамбек Исраиловичтин арызынын негизинде Күрпүлдөк айыл өкмөтү төмөндөгүдөй токтом чыгарат :
ТОКТОМ:
1. Аксакалов Майрамбек Исраиловичке Ровное айылындагы Кирова көчөсү № 49\6 дарегинде жайгашкан 8.8 га жер участогун 49 жылга мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн отургузуу үчүн ижарага берилсин.
2. Муниципалдык жер участканын 1 гектарын ижарага колдонуунун төлөмү жер салыгы, социалдык фондусу жана ижарасы жалпы 1000 (бир миң ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Күрпүлдөк айыл кенешинин чыгарылган токтому Панфилов районунун мамлекеттик каттоо башкармалыгына мыйзам чегинде аткарууга жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Баязовага жана жер комиссиянын башчысы А.Аманкуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кошоев |