Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/2
«Коргонуу зонасын белгилѳѳ жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы «Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө» № 271 токтому менен бекитилген жобонун 23-пунктуна ылайык, Беш-Мойнок айылынын жашоочусу З. Боронбаевдин арыз катты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы Беш-Мойнок айылынын уч-212 дарегинде жайгашкан жеке менчик коммерцциялык багытында алынган 0,20га жер тилкесиндеги курулуш иштери, Чаңгет-Сай суусунун жээктеринде бекемдѳѳ иштери жүргүзүлгѳндүгүн эске алуу менен 15метр аралыктан кем эмес жүргүзүлсүн.
2. Жогоруда белгиленген 15 метр аралыкта суу коргоочу зонасы менен курулуш иштерин жүгүзүүсүн кѳзѳмѳлдѳѳнү Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү жер жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А. Жолдубаевге жүктѳлсүн.
Төрага | У.А. Абдыкулов |