Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
2019-жылдын 17-октябры № 13/5-4-19
Жер маселеси боюнча
Күрпүлдөк айылдык кенешинин сессиясында айылдык кенешинин депутаттары жер боюнча маселелер жөнүндө жер адиси С. Назыралиеванын маалыматын угуп Күрпүлдөк айылдык Кенешинин депутаттары ар бир коюлган маселени талкуулап чыгып токтом кылат:
1.Күрпүлдөк айылындагы жаны конуш үчүн кошулган жерлердин топосьемкасын жасоо үчүн бюджеттен акча каражат бөлүнүп берилсин.
2.Күрпүлдөк айылынын жаны конушунун башкы планга киргизилген жаны корректировкасы бекитилсин .
3.Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн аймагынан жер үлүшү катары 1999- жылы жер үлүшү бөлүнүп берилген, бирок 1995-жылдын 14- июнундагы Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын № 150 токтомунун негизги тизмесине киргизилбей калган айрым жарандардын тизмеси бекитилсин . (тизмеси тиркелет)
4. 1999-жылы Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн аймагынан айрым жарандарга жер үлүшү катары бөлүнүп берилген жер үлүштөрү мамлекеттик каттоо тарабынан каттоого алынсын.
5.Күрпүлдөк айылынынын мал көрүстөнүнүн тегерегин курчоо жана көзөмөлгө алуу жайыт комитетинин төрагасы А.Эсенкуловко жүктөлсүн.
6.Ровное айылынын “Ак-Эрмен” көлмөсүнө мамлекеттик каттоо тарабынан мамлекеттик актысын алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат бөлүнсүн жана көлмөнүн актысы айыл өкмөтүнүн балансына коюлсун.
7.Түшкөн арыздардын негизинде айыл чарба багытындагы иштетилбеген жерлерде жайгашкан бузулуп кеткен объектилердин жер тилкелерин мамлекеттик каттоо тарабынан каттоого алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат бөлүнсүн жана жер адиси С.Назыралиева тарабынын документтери такталсын.
8.Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назыралиева тарабынан айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объектилерди кайтаруу боюнча иш аракеттер жасалсын.
9.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Ж. Баязовага , финансы болмүнүн башчысы Кумарбек уулу Кубанычбекке жана жер адиси С.Назыралиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Кошоев |