Редакцияот 16.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

 

2022-жылдын 16-июну № 6/3-2-2-22

 

Жайыт категориясындагы 0.4 га жер участогу калктууконуш категориясына трансформациялоо

«Жерлерди категорияларга киргизүү жана жерлерди которуу (трансформациялоо)» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлу № 145 мыйзамынын  3-беренесине ылыйык  Күрпүлдөк айылынын тургундарын иче турган суу менен камсыздоо максатында айылдарда чыккан койгөйлөр менен таанышып , талкуулап Күрпүлдок айылдык Кенештин депутаттары токтом кылат:

 

1.Күрпүлдөк айылындагы жайыт категориясындагы -0.4 га жер участогу Калктуу конуш категориясына которуулсун (трансформациялансын) жана Суу мунарасы салынып айыл тургундары иче турган суу менен камсыздалсын.

2.Токтомдун аткарылышы. Күрпүлдөк айылдык кенешинин төрагасы Б.Шаршенов тарабынан  көзөмөлгө  алынсын.

 

 

Төрага    

 

  Э.Букаров