Загрузка документа…
КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КҮРПҮЛДӨК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
2015-жылдын 14-февралы №2/1-2-15
Киров айылында жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторун беруу жөнүндө
Күрпүлдек айыл аймагынын жер адиси Ш.Төралиевдин “Киров айылында жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторун беруу жөнүндө” маселесин угуп, сессияда талкуулап, 2015-жылындагы 18-январындагы Киров айылынын айылдык чогулушунун негизинде Киров айылынын калкынын турак-жай маселелерин чечүү максатында Күрпулдек айылдык кеңешинин депутаттары
Токтом кылат:
1. Киров айылынын Арал көчөсүнөн мыйзам чегинде жеке турак жай куруу үчүн жер тилкеси Киров айылынын тургундарына берилсин.
2. Турак жай имаратын жеке куруу үчүн бөлүнгөн аянт ар бир арыз берүүчүгө 15 соткадан болушу керек.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күрпүлдек айыл аймагынын башчысы У.Б.Уметалиевге жана жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Т .Омуралиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| З.Абыкеев |