Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 254
Кара-Суу районунун «Шарк» айыл ѳкмѳтγнѳ
караштуу 4 га жер аянтын Ош шаарына ѳткѳрγγгѳ
макулдук берγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 27-январындагы чыгыш №22/08-6 Кара-Суу районунун «Шарк» айылына караштуу МТФ-6 километриндеги № 650-647 контурунан 4 га жер аянтын Ош шаарына ѳткѳрγγ жѳнγндѳгγ катын жана «Шарк» айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-январындагы кезексиз XIV сессиясынын №1-токтомун карап жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун «Шарк» айылына караштуу МТФ-6 километриндеги № 650-647 контурунан 2,5 га жер аянтын мектеп куруу γчγн жана 1,5 га жер аянтын балдар бакчасын куруу γчγн, жалпысынан 4,0 га жер аянтын Ош шаарына ѳткѳрγγгѳ макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) «Шарк» айылына караштуу 4,0 га жер аянтын Ош шаарына ѳткѳрγп алуу γчγн Кыргыз Республикасынын тиешелγγ мыйзамдарында каралган тартипте иш-чараларды жγргγзγγ милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |