Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-июну № 29-11/3
Жайыт адисинин салыктары жөнүндө
“Жаңы- Аймак” Муниципалдык ишкананын башчысы У.Н.Кемелбаевдин кайрылуусунун негизинде, Жайыт пайдалануучулардан жыйналган каражаттарды пайдалануу жана жайыт адисинин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында, КР “Мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МИ “Жаңы-Аймак” карамагындагы жайыт комитетинин кызматкерлеринин эмгек акысын каржылоо булагы катары жайыт пайдалануучулардан жыйналган каражаттары 100 пайызы ( салык жана милдеттүү төлөмдөрдү эске алуу менен) багытталсын.
2. Жайыт адисинин кошумча чыгымдары (ГСМ, кеңсе товарлары, оңдоо ж.б.) айыл өкмөтү менен макулдашылган өзүнчө смета менен каржылансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө МИ “Жаңы-Аймак” башчысы У.Н. Кемелбаевге жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Бердигулов А.М. |