Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-июну № 29-11/4
Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы А.К.Байматовдун бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу 70629 башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн- 2215 башка тейлөө кызматтарын алууга беренесинен 238, 0 миң сомго азайтылсын.
-70629 башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн- 2222 учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алууга беренеси- 100,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
- 70813 спорттук иш-чараларды уюштурууга байланыштуу иш чаралар бөлүмүнүн 2215 башка тейлөө кызматтарын алууга беренеси 138, 0 миң сомго көбөйтүлсүн.
-70921 орто билим берүү-жалпы билим берүү программалары бөлүмүнүн- 3111 имараттар жана куруулар беренеси 3198,9 миң сом азайтылсын.
-70925 толук эмес орто билим берүү-жалпы билим берүү программалары бөлүмүнүн- 3111 имараттар жана куруулар беренеси 3198,9 миң сом көбөйтүлсүн.
2. Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 21-январындагы № 29-5\2 токтомунун 7-пунктуна 7-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
Бөлүм 70629- Башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
3111-“имараттар жана курулуштар”-6000,0 миң сомго азайтылып төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүлсүн:
Бөлүм 70111- “Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдар”
2621-уюмдарга учурдагы төгүмдөр-51,0 миң сом.
Бөлүм 70629- Башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу- 1200,0 миң сом
2222-учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу 2669,0 миң сом
3111-имараттар жана курулуштар- 600,0 миң сом
2221- мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар-1000,0 миң сом
2212-байланыш кызматын көрсөтүү-200,0 миң сом
Бөлүм 70813- “Спорттук иш чараларды уюштуруу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр.”
2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу-80,0миң сом.
Бөлүм 70911- Мектепке чейинки билим берүү
2222-учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу-200,0 миң сом
3.Токтомдун аткарылышы социалдык-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Байматов Айбек Кадырбековичке жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Бердигулов А.М. |