Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 29-12/4
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн келишимин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына, “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык, Жаңы-Пахта айыл аймагында калкты каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн келишимин түзүү максатында, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Пахта айыл аймагында калкты каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарын (келишим) “Кызмат” мамлекеттик мекемесине жөнөтүү жагы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Бердигулов А.М. |