Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/3
«Компенсация тѳѳлѳ жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 271-статьясынын 4-5-пунктраны ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн “Тобой айылынын Д. Кочкорбаев кѳчѳсүнүн №87 дарегинде жайгашкан, тигүүчү цехинин имаратына компенсация тѳлѳѳ жана жер тилкесин алмаштыруу жолу менен башка жакка которуу жѳнүндѳ” кайрылуусу жана “Земельные реформы ЮГ” жооперчилиги чектелген коомунун баалоосу менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагы, Тобой айылынын Д. Кочкорбаев кѳчѳсүнүн №79 дарегинде жайгашкан “Данияр Чойбеков” атындагы спорт аянтчасын кеңейтүү максатында, ушул эле Д. Кочкорбаев кѳчѳсүнүн №87 дарегиндеги, жеке менчик ээси Мазакеева Сыгабүгѳ тийиштүү болгон 100,0кв.м жер аянтында жайгашкан эки кабатту Тигүү цехинин имаратын бузуп ордун бошотуу жана чыгашаларынын ордун толтуруу максатында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 760 000 (бир миллион жети жүз алтымыш миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Мыйзамдарда кѳрсѳтүлгѳн тартипте, Тигүү цехинин имаратына компенсация катары бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагын Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |