Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 29-12/5
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн жайыт адиси Б.Айтназаровдун жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтер бекитилсин:
-Ири мүйүздүү мал-250сом (эки жүз элүү)
-Майда мүйүздүү мал-50сом (элүү)
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн “Жаңы аймак” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Н. Кемелбаевге жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Бердигулов А.М. |