Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/4
«Муниципалдык менчике алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясына ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн “Таштак айылынын Жолдошов Мамажан кѳчѳсүнүн №13 дарегиндеги жер тилкесин муниципалдык менчике алуу жѳнүндѳ” кайрылуусу менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагы, Таштак айылынын Жолдошов Мамажан кѳчѳсүнүн №13 дарегинде жайгашкан, 2833 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчике алынган 2833 чарчы метр жер аянтынын ичинен 400 чарчы метр жер аянтын, Тѳбѳй айылындагы Д. Кочкорбаев кѳчѳсүнүн №87 дарегиндеги, жеке менчик ээси Мазакеева Сыргабүгѳ тийиштүү болгон 100,0кв.м жер аянтына алмаштыруу жолу менен жеке менчикке ѳткѳрүүгѳ макулдук берилсин.
3. Мыйзамдарда кѳрсѳтүлгѳн тартипте, муниципалдык менчике алууга уруксат берилген 2833 чарчы метр жер аянтын мыйзамдаштыруу жана алмаштыруу жагын Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |