Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/5
«Жайыт жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык, “Барпы” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин “2025-жылга карата жайыттын киреше-чыгаша жана иш-чараларын бекитип берүү жѳнүндѳгү” кайрылуусу менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Барпы» муниципалдык ишканасындагы жайыт бѳлүмүнүн 2025-жылга карата киреше жана чыгаша бѳлүктѳрү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «Барпы» муниципалдык ишканасындагы жайыт бѳлүмүнүн 2025-жылга карата жайыт үчүн мал жандыктарына акы тѳлѳѳ жана жайыт жерин башка максатта пайдалануучулардын бир жылдык тарифи 2-тиркемеге ылайык бектилсин.
3. «Барпы» муниципалдык ишканасындагы жайыт бѳлүмүнүн 2025-жылга карата жайыттарды пайдалануу боюнча иш-планы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жайыт пайдалануучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен иш алып баруу жагы «Барпы» муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Д. Темирбаевге жүктѳлсүн.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |