Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/6
«Муниципалдык менчике алуу жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы №148-т токтомун аткарууга алуу максатында, жергиликтүү кеңештин депутаттары карап угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмөтүнѳ караштуу Төбөй айылынын Д. Кочкорбаев кѳчөсүнүн № 77 дарегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын таандык болгон 1800 кв. м аянты (идентификациялык номери 3050210070328) болгон жер участогун муниципалдык менчике кабыл алынсын.
2. Барпы айыл аймагынын айыл өкмөтүнѳ караштуу, Таштак айылындагы А. Тагаев көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин балансында турган аянты 480 кв. м (идентификациялык номери 3050210080219) болгон жер участогун тиешелүү турак эмес жайлары менен муниципалдык менчике алынсын.
3. Ушул токтомдо кѳрсѳтүлгѳн жер участокторун муниципалдык менчике кабыл алуу жана аларды мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү үчүн иш кагаздарын даярдоо жагын Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы И. Маматсабировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |