Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/7
«Мамлекеттик фонддун жерлеринин ижара акысын бекитүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 8-статьясынын 3-пунктуна ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 8-апрелиндеги №02-4/922 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары карап угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн катын эске алуу менен мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акылары тѳмѳндѳгүчѳ бекитилсин:
- 1га таза сугат жерине -18,000сом;
- 1га таштак сугат жерине – 12,000сом;
- 1га токой-сугат жерине 12,000сом;
- 1га насос жерине -2,000сом (суу чыккан жерлерине 10,000 сом);
- 1га кайракы жерине – 2000сом сом;
- 1га бак-дарактар бар жерине – 10,000сом;
- 1га чѳп-орок жерине – 1000сом;
2. Барпы айыл аймагындагы ѳндүрүштүк ишканаларга, топурак карьерлерге жана кѳмүр кенин казуучу жайлардын 1,0га жер аянтына, 100000 (жүз миң) сом ѳлчѳмүндѳ ижара акысы бекитилсин.
3. Ушул токтомдо кѳрсѳтүлгѳн ижара акылары боюнча келишимдерди түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүү жагын Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы И. Маматсабировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.
Төрага | У.А. Абдыкулов |