Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/8
«Жер аянтын мамлекеттик менчике ѳткѳрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18,25-статьяларына, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысынын сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн Чокмор айылындагы, Бишкек-Ош автожолунун боюндагы №358 контурундагы муниципалдык менчиктеги 1,10га жер аянтын, курулуп бүткѳн тѳрѳт үйү жана жаш ымыркайлар ооруканасына, автоунаа токтоочу жай каттары пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин балансына ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине, муниципалдык 1,10га жер аянтын ѳткѳрүп берүүдѳ керектелүүчү иш кагаздарын даярдоону жана ѳткѳрүп берүүнү Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, социалдык маселелер билим берүү, спорт жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С. Зайнабидиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |