Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 584 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2025-жылдын 21-июлу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Монголиянын Өкмөтү (мындан ары Тараптар жана өз-өзүнчө Тарап деп аталуучу) 1968-жылдын 8-ноябрында Венада кабыл алынган, Тараптар катышуучу болуп саналган Жол кыймылы жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу максатында жана эки өлкөнүн аймагында жол кыймылын жеңилдетүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Монголияда берилген улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү оз ара таанууну жана алмашууну камсыз кылууга ниеттенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Тараптар экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органдары тарабынан берилген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмашуу максатында өз ара тааныйт. Айдоочулук күбөлүктөр ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде келтирилген эквиваленттик таблицасына ылайык теориялык жана/же практикалык экзамендерди тапшырбастан алмашылат.
2. Экинчи Тараптын мамлекетинде бир жылдан ашык мөөнөткө жашап турууга уруксат берилген, Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан берилген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык өздөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн экинчи Тарап берүүчү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштыруу жөнүндө арыз менен экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына каалаган убакта кайрыла алат.
3. Тараптар ушул берененин 2-пунктуна ылайык улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү арыз ээлеринин тиешелүү улуттук мыйзамдардын негизинде транспорт каражаттарын башкарууга алардын жөндөмдүүлүгүн ырастоого экзаменден/тесттен өтүүсүн талап кылбастан алмашат.
4. Ушул берененин 3-пункту айдоочулук күбөлүк алууга арыз ээсинин курагына, ден соолугунун абалына же психикалык абалына байланыштуу транспорт каражаттарын башкарууга болгон чектөөлөргө карата Тараптардын ар биринин улуттук мыйзамдарынын жоболорун козгобойт.
2-берене.
1. Тараптардын биринин мамлекетинин арыз ээси экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына Тараптардын бири тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктүн түп нускасын кароого берүүдө, алмаштырууну жүзөгө ашыруучу Тараптын расмий тилине же англис тилине күбөлөндүрүлгөн котормосу менен бирге берет. Арыз ээси, ошондой эле улуттук мыйзамдарга ылайык кайсы болбосун зарыл болгон башка документтерди, анын ичинде төлөм акыны ырастоону берет.
2. Тараптын мамлекетинин алмаштырууну жүзөгө ашыруучу компетенттүү органы зарыл болгон учурда арыз ээсинен башка документтерди берүүсүн талап кыла алат.
3-берене.
1. Тараптардын биринин мамлекетинин компетенттүү органы экинчи Тараптын айдоочуларын каттоодо өзүнүн улуттук мыйзамдарын колдонот.
2. Тараптар бул Макулдашуу ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде келтирилген эквиваленттүүлүк таблицасына ылайык айдоочулук күбөлүктөрдүн тиешелүү категорияларына жана чакан категорияларына карата колдонулат деп макулдашты.
4-берене.
Алмаштыруу үчүн берилген айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугуна же аныктыгына шектенүүлөр пайда болгон учурда, Тараптын мамлекетинин алмаштырууну жүзөгө ашыруучу компетенттүү органы экинчи Тараптын мамлекетинин компетенттүү органына ушул айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын же жарактуулугун ырастоо жөнүндө суроо-талап менен кайрыла алат.
5-берене.
1. Тараптар ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү компетенттүү органдарды дайындайт:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
Монголиянын Өкмөтү үчүн: Юстиция жана ички иштер министрлигине караштуу Улуттук полиция агенттигинин Каттоо жана контролдоо борбору.
6-берене.
1. Бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу төмөнкү маалыматтарды берет:
а) өздөрүнүн компетенттүү органдарынын даректерин, телефон номерлерин жана факстарын, ошондой эле электрондук почта даректерин;
б) ушул Макулдашуунун 2, 3-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн категорияларын.
2. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине ушул Макулдашууну ишке ашырууга таасир этиши мүмкүн болгон айдоочулук күбөлүктөрдөгү ар кандай өзгөртүүлөр жөнүндө же улуттук мыйзамдардагы ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө, ошондой эле өздөрүнүн компетенттүү органдарынын байланыш маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө токтоосуз маалымдайт.
7-берене.
Бул Макулдашуунун 4, 5 жана 6-беренелеринде көрсөтүлгөн Тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүү англис тилинде жүзөгө ашырылат.
8-берене.
1. Бул Макулдашуу катышуучулары Тараптар жана алардын мамлекеттери болуп саналган башка эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
2. Бул Макулдашуу Тараптардын ар биринин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
9-берене.
Бул Макулдашууну чечмелөөгө жана аткарууга байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
10-берене.
Бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор Тараптардын өз ара макулдугу боюнча киргизилиши мүмкүн. Каалагандай өзгөртүү жана/же толуктоо ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча протокол менен таризделет.
11-берене.
1. Бул Макулдашуу Тараптар бардык зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгын ырастоочу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ар бир Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка ушул Макулдашууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүүгө укуктуу. Макулдашуунун аракети экинчи Тарап мындай билдирүүнү алган күндөн тартып токсонунчу (90) күнү токтотулат.
2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, монгол, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестик келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.