Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/9
«Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-18-статьяларына ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы, Маркай айылындагы №103а-контурундагы 0,20га жайыт жерин, өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер катергориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жерлерди бир категориядан экинчисине которууда, мыйзам чегинде ишке ашыруу жана керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С.Назаровго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төрага |
У.А. Абдыкулов |