Редакцияот 28.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кезексиз сессия

 

2023-жылдын 28-ноябрындагы № 115/ХХХХ-28

Жер  участогун берүү жөнүндө

        Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан жер участогунун планынын негизинде Кең-Булуң айылындагы О.Лайлиев орто мектебинин территориясынан 10 очколук туалет куруу үчүн жер участогун түзүү мүмкүнчүлүгүнүн 13.12.2023-жылдагы № 116231212КРОТ04360 негизинде жыны Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25жана 32-беренеленрине жетекчилик кылып, Кең-Булуң айылдык кеңеши:

 

                                              Т О К Т О М К Ы Л А Т:

       1.Кен-Булун айылындагы О.Лайлиев орто мектебинин территориясынан 10 очколук туалет куруу үчүн жалпы аянты 180,0 м2 болгон жер тилкеси берилсин.

       2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кең-Булуң айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу   комиссиясына жуктөлсүн.

       

Кең-Булуң айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Бабазов Р.М.