Редакцияот 15.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кезексиз сессия

 

2023-жылдын 15-сентябры №96/ХХV11-28

Административдик- аймактык  реформа жүргүзүү боюнча жана айыл аймактарды бириктирүүгө макулдук берүү тууралуу

 

        Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”       2022-жылдын 18-октябрындагы № 350-жарлыгын ишке ашыруу  максатында Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылдык кенешинин сессиясында каралып, Кең-Булуң айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат,-

 

ТОКТОМ:

 

1. Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл аймагы менен Ивановка айыл аймагын бириктируу маселеси колдоого алынсын.

2. Бириккен айыл аймак Кең-Булуң айыл аймагы деп аталсын.

3. Бириккен Кең-Булуң, Ивановка аймактарынын борбору Ивановка айлында жайгашсын.

4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзумө калтырамын.

Кең-Булуң айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Бабазов Р.М.