БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 10-февралындагы № 13/2
Барпы айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планынатолуктоолорду киргизүү жөнүндө
Барпы айылдык аймагынын ИАС-КВнын төрагасы Б.Үскөнбаевдин “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири маалыматын угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңешинин депутаттары төмөндөгүчө токтом кылат:
1. АРИСтин “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору” тарабынан “Социалдык-экономикалык инфраструктураларын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрүн чыңдоо” 1В подкомпонентинин алкагында максатуу айылдарда фокус-топтордун жыйынтыгы менен тандалып алынган артыкчыктуу деп Боз-Чычкан айылында “М.Молдалиев жана жаӊы көчөлөргө электр мамычаларын жана чубалгыларын орнотуу” жана Чоко-Добо айылында “Кемпир-Абад каналынан айыл чарба багытындагы үлүш жерлерге 1км турба түтүктөрү менен агын суу чыгаруу”, ошондой эле Боз-Чычкан айылынын калдык суммасына “Мамытов, Жолоев, Мурадылов жана Азимов атындагы көчөлөрүн толуктап электрлештирүү” көйгөйү артыкчылыктуу көйгөй деп табылсын жана айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоо катары киргизилсин. 1-тиркемеге ылайык
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |