БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 10-февралындагы № 13/6
“Атайын техника сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун “Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында атайын техникалардын жетишсиздигинен, элге кызмат көрсөтүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы боюнча жана Сузак райондук өнүктүрүү фонду менен биргеликте, 1 даана экскаватор балондуу HYUNDAI R 140W-9S үлгүсүндөгү атайын техникалардан сатып алууда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 миллион сом акча каражаты керектелери боюнча ” кайрылуусун карап, угуп талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнө таала иштеринде, көчкү коркунучу бар жана сел арык, хан арыктарды тазалоочу экскаватор балондуу HYUNDAI R 140W-9S үлгүсүндөгү атайын техникасына 4 000 000 (төрт миллион) сом акча каражатын, 2023-жылдык бюджеттинен бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Долбоорду ишке ашырууда, иштин жүрүшүн көзөмөлдөөнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |