Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы

 

2023-жылдын 10-февралындагы № 13/9

“Таза ичүүчү сууга төлөөнүчү бааны бекитүү жөнүндө”

“Барпы Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 25.12.2022-жылда жазган кайрылуусун эске алуу менен таза сууга берген 21,48тый баасы тууралуу жергиликтүү кеӊешинин депутаттары тарабынан талкууга алынап, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

ТОКТОМ

 

1. “Барпы Таза-Суу” муниципалдык ишканасы тарабынан убактылуу 6 ай мөөнөтүндө, 1м3 таза-сууга 21сом 48тыйындан кардарлардан чогултуу жагы каралсын.

2. “Барпы Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К. Бакировго: 6 ай мөөнөт ичинде аткарылган жумуштун жыйынтыгы менен таза-сууга бологон баанын өзгөрүшүн же жогоруда белгиленген баа менен калтыруу боюнча сессияга сунуштасын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Барпы айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

У.Абдыкулов