БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 10-февралындагы № 13/11
“Таза-сууга суу түтүгүн сатып алуу жөнүндө”
Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун, Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында иш алып барып жаткан “Таза-Суу” проектисине жетишпей жаткан суу түтүктөрүн сатып алууга, өздүк салым катары акча каражатын, келерки сессияда карап берүү боюнча кайрылуусун эске алуу менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары карап, угуп талкуулап, Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочуларды таза-суу менен камсыз кылуу максатында, “Таза-Суу” проектисине өздүк салым каттары 50 (элүү) миӊ сом акча каражатын, 2023-жылдык бюджеттинен бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Долбоорду ишке ашырууда, иштин жүрүшүн көзөмөлдөөнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |