Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы

 

 

2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/4

“Матералдык жардам көрсөтүү жөнүндө”

Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылынын жашоочусу Д. Абдуллаев жана Ж. Абдуллаеванын “Баласы Дуйшебай уулу Умардын бутунан жаракат алып, басалбай калганы жана бастыруу үчүн операция жасатууга муктаж экендиги боюнча” жазган кайрылуусун Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. «ЮРФА» луч менен диагностикалык борборунун жана Visual Diagnostic диагностикалык борборунун жыйнтыктарын эске алуу менен Ачы айылынын жашоочусу Дуйшебай уулу Умарга социалдык жардам каттары, Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 (жыйырма) миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде матералдык жардам катары Дуйшебай уулу Умарга которуп берүүнү, Барпы айыл өкмөтүнүн Каржы жана экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Кыргызбаевага жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Барпы айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

У.Абдыкулов