Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы

 

 

2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/9

“Областык өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө”

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы жыйынында, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун алдыга чыгып “Төлөс, Боз-Чычкан айылдарынын 4км. суу түтүктөрүн жаӊылоого акча каражаты керектелерин айтып, чечип берүүнү суранып” айткан сөзүн Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайибековго: Жергиликтүү бюджетти тартыш болгондугуна байланыштуу, Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондунан Төлөс, Боз-Чычкан айылдарынын 4км. суу түтүктөрүн жаӊылоого кетүүчү чыгымдарга ылайык 3500.000 (үч миллон беш жуз мин) сомдук акча каражатына керектүү иш кагаздарын жыйноо менен суроо жагы милдеттендирилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Барпы айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

У.Абдыкулов