БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
2023-жылдын 18-апрелиндеги № 14/10
“Областык өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндө”
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы жыйынында, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун алдыга чыгып “Комсомол айылынын Насос участкасында суу ташкындарына кабылуучу жайларга, сел канал куруу зарыл экендиги боюнча айтылган” сөзүн Жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайибековго: Жергиликтүү бюджетти тартыш болгондугуна байланыштуу, Жалал-Абад областык Өнүктүрүү фондунан Комсомол айылындагы Насос участкасына сел канал курууга кетүүчү чыгымдар сметасына ылайык 3 950, 554 (үч миллон тогуз жүз элүү миӊ беш жүз элүү төрт) сомдук акча каражатына керектүү иш кагаздарын жыйноо менен суроо жагы милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Абдыкулов |