САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 12-апрелиндеги № 1
С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Кайнар жана Таш-Булак айылдарын жакынкы жайгашкан Кара-Жыгач айылынын курамына бириктирүү боюнча сунуштоо
Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 31.03.2023-жыл № 05-1/1083 сандуу жазган катынын, Кара-Жыгач, Таш-Булак, Кайнар айылдарынын 10.04.2023-ж чогулушунун протоколунун жана айыл өкмөтүнүн 10.04.2023-ж кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Кайнар жана Таш-Булак айылдарын жакынкы жайгашкан Кара-Жыгач айылынын курамына бириктирүү боюнча сунушу бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |