Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы №33/7-9
«Кара-Көл шаарын 2025-2028-жылдарга өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө»
ЧКара-Көл шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы Г.О.Сатарованын Кара-Көл шаарынын 2025-2028-жылдарга өнүктүрүү программасын бекитип берүү жөнүндө сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-бөлүкчөсүнүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарын 2025-2028-жылдарга өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге жана 2025-2028-жылдарга карата социалдык – экономикалык өнүгүү программасы боюнча иш-аракеттер планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( Т.А.Мамытканова) жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |