Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/10
«Жер аянттарын муниципалдык менчике алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьяларына, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысынын сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн Боз-Чычкан айылындагы, №169-контурунан 0,10га, №1158-контурунан 0,10га жана №1112-контурунан 0,10га жер аянттарына сел канал куруу максатында, муниципалдык менчике алууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдарда кѳрсѳтүлгѳн тартипте, муниципалдык менчике алууга уруксат берилген 0,30га жер аянтын мыйзамдаштырууга кетүүчү иш кагаздарын даярдоо жагын Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, Жер жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы А.Жолдубаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |