САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2
Тигүү цехин куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 12.04.2023-ж №259 сандуу кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде Бек-Абад айылындагы футбол аянтынын аймагынан 0,30 гектар жер аянтын тигүү цех үчүн пайдаланууга ажыратып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.
4. Токтом atabek.my1.ru сайтына киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |