Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/11
«Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-18-статьяларына ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курук-Сай участкасындагы «Орис НПЗ» нефтини кайра иштетүүчү заводунун жерин кеңейтүүгѳ берилген жер ээлерин, жер менен камсыз кылуу максатында Курук-Сай участкасындагы №363-контурундагы 0,85га жер аянтын жана Кайнар участкасындагы №3-контурундагы 0,80га жер аянтын, жалпысынан 1,65га жер аянттарын айыл чарба багытындагы жерлеринин жайыт түрүнѳн, айыл чарба багытындагы курулуштардын (мал сарайлардын) жерлери түрүнѳ которууга макулдук берилсин.
2. Жерлерди бир түрүнѳн экинчисине которууда, мыйзам чегинде ишке ашыруу жана керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С. Назаровго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |