Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/12
«Мамлекеттик фондун жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 8-18-статьялары жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 10.02.2023-жылдагы №13/5 «Мамлекеттик фондун жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө» токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жана Ырыс айыл аймагынын айылдык кеңешинин 14.02.2023-жылдагы №15/9 «Айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлери, айыл чарбасында пайдаланууга жараксыз болгон жерлер жана мамлекеттик суу фондунун жерлери, муниципалдык менчиктеги мүлктѳрдү пайдаланууну ирээтке келтирүү жана ижаралык тѳлѳмдѳрүнүн ѳлчѳмүн бекитүү жѳнүндѳ» токтомун жокко чыгаруу максатында, жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ырыс айыл аймагынын айылдык кеңешинин 14.02.2023-жылдагы №15/9 «Айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлери, айыл чарбасында пайдаланууга жараксыз болгон жерлер жана мамлекеттик суу фондунун жерлери, муниципалдык менчиктеги мүлктѳрдү пайдаланууну ирээтке келтирүү жана ижаралык тѳлѳмдѳрүнүн ѳлчѳмүн бекитүү жѳнүндѳ» токтомун жокко чыгарылсын.
2. Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 10.02.2023-жылдагы №13/5 «Мамлекеттик фондун жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө» токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү менен Барпы айыл аймагына кошулган, Ырыс айыл ѳкмѳтүнүн аймагын теңдештирүү менен Мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысы тѳмѳндѳгүчѳ бекитилсин:
- 1га суугат жерине - 18,000сом.
- 1га таштак суугат жерине – 12,500сом.
- 1га токой-суугат жерине – 12,000сом.
- 1га Насосс жерине – 2,000 сом. (суу чыккан жерлерине 10,000сом)
- 1га кайракы жерине – 2,000 сом.
- 1га бак-дарактар бар жерине – 7,000сом.
- 1га чөп-орок жерине – 1,000 сом
3. Мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын кѳзѳмѳлдѳѳнү жана ижарачыларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жагын Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |