Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы №35/7-9
«Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо эрежелери жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Т.М.Доулдаевдин Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.10.2014-жылдагы XV сессиясынын № 51/15-6 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби ана шарттары жөнүндө жобону, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын , Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо эрежелери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.10. 2014-жылдагы XV сессиясынын № 51/15-6 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту менен бекитилген № 2 тиркеме күчүн жоготту деп табылсын.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгы ( Т.М.Доулдаев) ушул токтомдун негизинде жаңы келишимдерди түзүп иш алып барсын.
4. Бул токтом 2025-жылдын 1-июлунан күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.М.Доулдаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( Т.А.Мамытканова) жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20- июнундагы № 35/7-9 сандуу токтомуна 1-тиркеме
|
Кара-Көл шаарындагы муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо эрежелери
Бул эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле жер тилкелеринин ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдөө тартибин аныктайт.
Апз = (Н х S х К1 х К2)
Апз – жер тилкеси үчүн бир айлык ижара акынын өлчөмү;
Н – Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
К2 - зоналар боюнча ижара акынын нормативдик ставкасы.
Функционалдык багыттардын коэффициенттери:
- соода-сатык комплекстери, соода түйүндөрү, чакан базарлар, киосктор, мейманкана, наабайкана, дарыкана, офистер, бизнес-борборлор, коомдук тамак-аш жайлары - 20;
- соода навестери, ашкана навестери жана бастырмалар – 15;
- алмашуу пункттары, байланыш түйүндөрү - 10;
- чач тарач, сулуулук салону – 17,5;
- кийим тигүүчү цех, устаканалар (ар түрдүү) – 16;
- унаа жуучу жайлар, автосервис ишканалары – 17;
- унаа токтотуучу жайлар, гараждар, кампа – 7,5;
- күнөскана – 3;
- карьерлер, геологиялык чалгындоо – 3;
- балык өстүрүү – 3,5;
- муз аянтчалары – 8,3;
- телекоммуникациялар үчүн антенналарды жана жабдууларды жана трансформаторлорду орнотуу – 50;
- электр аба чубалгыларын орнотуу – 2,5;
Эгерде К1 коэффициенти айрым объектилер боюнча жогоруда көрсөтүлбөсө К1 коэффициентине 5 коэффициентин колдонууга жол берилет.
Ошондой эле сезондук учурда соода-сатыктардын жер ижарасы төмөндөгүдөй таблицалык формада (таблица №1) эсептелет. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо, бир айдан алты айга чейин сезондук мөөнөттө келишим түзүлсүн.
Дүкөндүн алдына чыгарылган кошумча жеңил конструкциядан курулуш эки метрден ашык болбошу керек жана жогоруда көрсөтүлгөн коэффициентке ылайык эсептелет.
Таблица №1
№ | Сооданын аталышы | Ижара келишимдин мөөнөтү | Ижара акысынын суммасы (сом) |
1 | Суусундуктар, балмуздак, газдуу суу аппараттары, көчмө тез татым, гүл сатуу, веб касса ж.б. сезондук көчөгө коюлуучу соода түйүндөр | 1 айга | 2000 |
2 | Дарбыз, коон, жашылча жемиштерди сатуу | 1 ай 10 чарчы метрге чейин | 3000 |
3 | Жаш балдар ойноочу унаа | 1 айга 1 даанасы | 1000 |
4 | Батут, оюн-зоок жайлары | 1 айга | 2000 |
4. Кеңештин функциялары
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында жер тилкелери үчүн аянтына жараша төмөндөгүдөй формула менен эсептелет: (таблица №2)
Апз = (S х С)
Апз – жер тилкеси үчүн бир жылдык ижара акынын өлчөмү;
S – жер тилкесинин аянты;
С – ижара акынын нормативдик ставкасы (сом: кв.м.)
Таблица №2
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу Аянты м2 | 50 гө чейин | 51-200
| 201-300 | 301-500 | 501-1000 | 1001-5000 | 5001 ден жогору |
Баасы: чарчы м. (сом: чарчы м.) | 8,0 | 6,0 | 5,0 | 4,0 | 2,5 | 1,5 | 1,0 |
Жооптуу катчы |
К.И.Нурматова |