Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/14
«Жер аянтын мамлекеттик менчике ѳткѳрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18,25-статьяларына, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысынын сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн Жар-Кыштак айылынын Ч. Мамасыдыков кѳчѳсүндѳ жайгашкан (0826 сыр белгиси) 0.90га мунципалдык жер аянтынын ичинен 780м2 жер тилкесине милиция таяныч пунктун куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Ичики иштер министрлигинин баланысына ѳткѳрүүгѳ макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ичики иштер министрлигине, муниципалдык 780м2 жер тилкесин ѳткѳрүп берүүдѳ керектелүүчү иш кагаздарын даярдоону жана ѳткѳрүп берүүнү Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, социалдык маселелер билим берүү, спорт жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С. Зайнабидиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |