САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Атабеков айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2023-жылдын 21-февралындагы № 11
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансында турган Жийде-Маңгыт автожолунун 2700 метр аралыгын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигинин балансына өткөрүү жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 21.02.2023-ж кайрылуусунун негизинде С.Атабеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансында турган Жийде-Маңгыт автожолунун 2700 метр аралыгы Транспорт жана Коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом atabek.my1.ru сайтына киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |