Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-апрели № 33/ VIII-29
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан
30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрынын №821 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 15-жылдын 2024-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү
администрациялардын убактылуу жетекчилигине өткөрүп берүү боюнча
пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтомунун 13-пунктунда көрсөтүлгөн пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды районду өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүү маселесин
карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын болжолдонгон 17173,80 сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 5152,1 сом Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |