Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыш депутаттарынын IV-сессиясы
2025-жылдын 8-апрели №4/15
«Жайыт жерин башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясы жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө» токтомунун, Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун 4-пунктуна ылайык, «Барпы» муниципалдык ишканасынын жайыт бѳлүмүнүн адиси А. Каржоодиевдин кайрылуусу менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн Курук-Сай участкасындагы жайыт жеринен 36м2 жер тилкесине, “Нур-Телеком” ЖЧК тарабынан жеңил конструкциядан турган (капиталдык эмес) мобилдик байланыш курулмаларын куруу жана 10.000 (он миң) сом ѳлчѳмүндѳ ай сайын жайт аксы катары акча каражатып тѳлѳп иштетүүгѳ макулдук берилсин.
2. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн Курук-Сай участкасындагы жайыт жеринен 36м2 жер тилкесине керектелүүчү иш кагаздарын даярдоону, “Нур-Телеком” ЖЧКна пайдаланууга берүүнү жана кѳзѳмѳлгѳ алууну «Барпы» муниципалдык ишкансынын жетекчиси С.Саркаровго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, Жер жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы А.Жолдубаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |