Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-апрели № 34/VIII-29
Каржы каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында “Ак-Кудук” муниципалдык ишканасына таза суу системасындагы жарактан чыккан насосторду оңдоо жана жаңыртуу боюнча иштерге каражат бөлүп берүү жөнүндө маселени талкуулап чыгып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1.”Ак-Кудук” муниципалдык ишканасына насосторду оңдоо жана жаңыртуу иштери үчүн 200 000 сом субсидия бөлүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнө жана Ак-Кудук айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар, инвестициялар жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |