Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы №38/7-9
«Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган Сабиров көчөсүндөгү № 25 үйдүн менчиктештирилбей калган батирлерин менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Т.М.Доулдаевдин Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган Сабиров көчөсүндөгү № 25 үйдүн менчиктештирилбей калган батирлерин менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндө сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 58,60,61-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-бөлүкчөсүнө ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган Сабиров көчөсүндөгү № 25 үйдүн менчиктештирилбей калган жалпы 18 батирин (№4, 20, 22, 27, 31, 33, 34, 36, 37, 39, 40, 42, 43, 49, 51,52, 54, 55) менчиктештирүү программасына киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына ( Т.М.Доулдаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |