КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы №39/7-9
«Коомдук тартипти сактоонун абалы боюнча ШИББүнүн начальнигинин, коомдук профилактикалык борбордун төрагасынын, Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын, жаштар кеңешинин, аксакалдар сотунун маалыматы»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, коомдук тартипти сактоонун абалы боюнча ШИББүнүн начальниги С.А.Абышевдин, коомдук профилактикалык борбордун жана Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын төрайымы А.Т.Анарбаеванын, Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин, Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы С.Анашовдун маалыматтарын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш.А.Токтосуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук тартипти сактоонун абалы боюнча ШИББүнүн начальниги С.А.Абышевдин, коомдук профилактикалык борбордун жана Кара-Көл шаарынын мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын төрайымы А.Т.Анарбаеванын, Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин иши боюнча Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу О.Т.Назаралиевдин, Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы С.Анашовдун маалыматтарын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш.А.Токтосуновдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө ( С.А.Абышев) кылмыштуулукту азайтуу боюнча балдар жана жаштар арасында профилактикалык иштерди жүргүзүү, спорттук иш-чараларды өткөрүү, өткөрүлгөн иш-чараларды социалдык баракчаларга чыгаруу, шаардык деңгээлде спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн иш -чараларга ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн спорттук командаларды катыштыруу сунушталсын.
3. Коомдук профилактикалык борборго ( А.Т.Анарбаева) ички иштер бөлүмү, жаштар кеңеши, аксакалдар соту жана башка коомдук уюмдар менен биргеликте элдик кошундарды түзүү жана кечки рейддерди уюштуруу сунушталсын.
4. Кара-Көл шаардык жаштар кеңешине ( О.Т.Назаралиев) жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жаштар кеңешинин социалдык баракчаларын түзүү, жакшы ийгиликтерге жетишкен жаштар, алардын үй-бүлөсү жөнүндө макала, репортаждарды социалдык баракчаларга чыгаруу сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык ички иштер бөлүмүнө (С.А.Абышев), коомдук алдын алуу борборуна ( А.Т.Анарбаева), Кара-Көл шаардык жаштар кеңешине, Кара-Көл шаардык аксакалдар сотуна ( С.Анашов), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |