Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-апрели № 36/VIII-29
Эксковатордун кызмат акысынын баасын бекитүү жөнүндө
“Ак-Кудук” муниципалдык ишканасынын директору Х.Раджабовдун атайын техника эксковаторунун кызмат акысынын баасын бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1.”Ак-Кудук” муниципалдык ишканасына тиешелүү болгон атайын техника МТЗ-82 эксковаторунун кызмат акысынын баасы 1 саат кызматы үчүн 2500 сомго бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Омуралиевге жана “Ак-Кудук” муниципалдык ишканасынын директору Х.Раджабовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Дж.Маванкуй |