Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы №40/7-9
«Кара-Көл шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн
2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы»
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.Алымбаевдин Кара-Көл шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К.Субаналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
2024-жылы Кара-Көл шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан волейбол, футбол, эркин күрөш, кол күрөш, шахмат, ордо, гира көтөрүү, стол үстүндө теннис, бокс түрлөрү боюнча шаардык-26, областтык-10, республикалык-12, эл аралык-15, Азиялык-1 жалпы 64 мелдешке шаарыбыздан 400дөн ашык жаш спортсмендери катышып келген.
Спортчулар 2024-жылы эл аралык, республикалык жана областтык мелдештерде 110 алтын, 130 күмүш, 80 коло медалга ээ болушкан. Календарлык планга ылайык жергиликтүү бюджеттен 3806,5 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М.Алымбаевдин маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К.Субаналиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнө (Д.М.Алымбаев), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ( Г.К.Субаналиева) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |