Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы №41/7-9
«Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К.Субаналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө шаардык маданият бөлүмүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнө ( О.Т.Назаралиев) борбордук китепкананын жарыктандыруусу жоктугуна, чатырынан суу агып, китептер жараксыз абалга келгендигине жана кире бериш жеринин чатырчалары жок кооптуу абал жараткандыгына байланыштуу окурмандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте смета долбоорлорун даярдап шаардык бюджеттин 2026-жылдагы долбооруна сунуш берүү жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык маданият бөлүмүнө (О.Т.Назаралиев), ал эми токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Г.К.Субаналиева) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |