Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы №42/7-9
«Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2024-жылда аткарган иштери боюнча 1 жылдык маалыматы жөнүндө»
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүнө жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Т.К.Сабырбекованын маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К.Субаналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттардын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Т.К.Сабырбекованын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.К.Субаналиеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына (Т.К.Сабырбекова) жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык комиссиясына (Г.К.Субаналиева) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |