Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 20-июнундагы №43/7-9
«Токтогул ГЭСтери каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэрдин орун басары Э.С.Тажимырзаевдин Токтогул ГЭСтеринин каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтерин жогорулатып берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул ГЭСтеринин каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом 2025-жылдын 1-августунан күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, Токтогул ГЭСтеринин каскадына (А.О.Тайчабаров), ал эми көзөмөлдөө жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.А.Кимсанов |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20- июнундагы № 43/7-9 сандуу токтомуна 1-тиркеме
|
2Токтогул ГЭСтери каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтери
Калк үчүн:
№ | Кызматтардын аталышы | Өлчөө бирдиктери | Тарифтери ( сом менен) |
1 | Ичүүчү суу менен камсыздоо | М3 | 9,45 |
2 | Саркынды сууларды кетирүү | М3 | 6,34 |
3 | Таштандыларды чыгаруу | М3 | 291,60 |
Мекемелер үчүн:
№ | Кызматтардын аталышы | Өлчөө бирдиктери | Тарифтери ( сом менен) |
1 | Ичүүчү суу менен камсыздоо: - бюджет
- башка мекемелер
|
М3 М3 |
40,77 52,38 |
| Саркынды сууларды кетирүү: - бюджет
- башка мекемелер
|
М3 М3 |
37,80 49,68 |
3 | Таштандыларды чыгаруу: - бюджет
- башка мекемелер
- өзү алуу
|
М3 М3 М3 |
160,38 192,51 96,12 |
Жооптуу катчы |
К.И.Нурматова |