Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XV сессиясы
2025-жылдын 18-сентябры №3
«Жалал-Абад шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин курамын макулдашуу жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 15.08.2025-жылдагы чыг.№7/6 сандуу катынын негизинде Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоолорун өткөрүү үчүн Жалал-Абад шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин курамы №1-тиркемеге ылайык макулдашып, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жөнөтүлсүн.
2. Ушул токтом менен макулдашылган тизмени шаардык кеӊештин регламентинде көрсөтүлгөн мөөнөттө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |